• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бакиров: «Альфа Телеком» Улуттук банкка сатылышы мүмкүн

29 Теке 2021 20:05 Бишкек Govori.TV

«Альфа Телеком» Улуттук банкка сатылышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров Жогорку Кеңеште мамлекеттин активдерин сатуу боюнча программа каралып жаткан учурда айтты.

«Учурда Улуттук банк сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар потенциалдуу кардар катары каралып жатат. Мыйзам долбоору дагы министрлер кабинетинин кароосунда. Эгер сатып алган болсо мамлекеттин мүлкү катары эле калат», — деди Бакиров.

Ал эми Улуттук банктын төрагасы бул боюнча расмий сунуш түшө электигин билдирди.

Количество просмотров: 82