10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Араван районунун Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги участокту тосуп алганы кыргызстандык жарандарды нааразы кылып, эки тараптын ортосунда тиреш чыккан.
Бул тууралуу пикирин ЖКнын депутаты Өмүрбек Бакиров айтып, чыккан жаңжалга себеп катары убагында чек араны делимитация, демаркация маселелерин жетишээрлик деңгээлде түшүндүрүү иштери жүрбөгөнүн белгилеп өттү.