• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бакиров кайсы иши боюнча суракка чакыртылган?

30 Баш оона 20239:32 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакиров 29-августтун кечинде Ош облустук милициясына сурак берип чыкты.

Жактоочусунун айтымында Бакиров 2020-жылдагы шайлоодогу добуш сатып алуу ишинин негизинде сурак бергенин жана коюлган айыптар менен макул эмес.

Милиция бул боюнча комментарий бере элек.

Эске салсак, БШК 26-августта Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.

Жогорку Сот 18-августта ал шайланып келген Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Количество просмотров: 146