Жогорку Кенештин вице-спикери Мирлан Бакиров өкмөттүн жаңы курамы жана программасы боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу маалыматты 12-октябрда парламенттин басма сөз кызматы тастыктады.
Эске салсак, төрага Дастан Жумабеков отставкага кетип, анын ордуна депутат Мыктыбек Абдылдаев дайындалган. Ал эми Абдылдаев спикерликтен баш тарткандан кийин Мирлан Бакиров спикер болгон. 10-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ЖКнын жыйыны болуп, анда Садыр Жапаров өлкөнүн премьер-министри болгон.
Ал эми төраганын экинчи орун басары Аида Касымалиева бул тууралуу билдирүү жазып, Бакировду кол коюуга мажбур кылышты дейт.
«Мыйзамсыздык ошол бойдон калууда. Эч нерсе өзгөргөн жок. Кылмыш ишин козгоого негиз бар. Биз бул абалдан сөзсүз чечим табабыз», — деп жазган ал.