• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Бакка чыгып алган». Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды

28 Бугу 202513:44 Бишкек Govori.TV

Куткаруучулар өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткан 43 жаштагы жаранды аман алып калышты.

ӨКМдин маалыматы боюнча, кечээ, 27-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь районунда 1982-жылы туулган эркек киши бактын үстүнө чыгып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, ыкчам аракеттердин натыйжасында, куткаруу шаймандарынын жардамы менен бактан түшүрүшкөн.

Количество просмотров: 217