• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бактыбек Калмаматов камакта калтырылды

24 Бештин айы 202116:33 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бактыбек Калмаматов СИЗО-1 абагында 2022-жылдын 9-февралына чейин камакта калтырылды. Бул маалыматты 24-декабрда Биринчи май райондук соту билдирди.

Бактыбек Калмаматов кармалганын 22-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.
Калмаматов социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга шектелүүдө. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Количество просмотров: 1537