• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Бактыбек Мамытовдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат

20 Бугу 202217:00 Бишкек Govori.TV

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкери, белгилүү диктор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытов эртең, 21-майда жерге берилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, маркум менен коштошуу зыйнаты саат 11де КТРКда болот. Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Белгилүү диктор Мамытов узакка созулган оорудан улам 20-майда 72 жашында каза болду.

Количество просмотров: 231