• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

КР Эл артисти Бактыбек Мамытовдун эстелиги орнотулду 

23 Бугу 2023 15:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23- майда “Ала-Арча” көрүстөнүндө Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн легендасы, чыгаан диктор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бактыбек Мамытовдун эстелигинин ачылышы болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апаз Жумагулов, УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев, Бакытбек Мамытовдун үй-бүлөсү, кесиптештери жана өнөр адамдары катышты.

Эстеликтин ачылышында сөз алып сүйлөгөндөр Бактыбек Мамытовдун бийик адамгерчилиги, кесипкөйлүгү, ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси тууралуу бир катар жылуу пикирлерди айтып, анын басып өткөн жолу жаштарга үлгү болушу керектиги айтылды.

Ошондой эле, Бактыбек Мамытовдун диктор катары балдарга, жаштарга, улууларга арналган көрсөтүүлөрдү, жаңылыктарды, саясий-коомдук берүүлөрдү, айыл чарба, укуктук, тармактык көрсөтүүлөрдү, өзгөчө “Арноо концерти” сыяктуу берүүлөрдү, мамлекеттик деңгээлдеги расмий иш-чараларды, майрамдык ири салтанаттарды бийик чеберчиликте алып барганы, кайталгангыс үнү, мукам тембри, алып баруу манерасы, көрүүчү, угуучуну арбап алгандыгы элдин эсинде экени эскерилди.

Мындан сырткары эл сыймыгына айланган Бактыбек Мамытов ар бир кыргыз үй-бүлөсүнүн бир мүчөсүнө, эл сыймыгына, эл адамына айланганы менен башкалардан айырмаланганы баса белгиленди.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы азыркы Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында туулган. 1967-жылы Чүй районунун “Октябрь” айылындагы орто мектепти аяктап, совхоздо эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып аны ийгиликтүү аяктаган.

1975-жылдын мартында Кыргыз ССРинин Телерадио комитетине диктор болуп жумушка алынган. Дээрлик 40 жылдан ашуун аталган мекемеде эмгек өтөгөн.

Количество просмотров: 127