Бейөкмөт уюмдары киреше жана чыгышалары тууралуу ачык маалымат бериши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Раимкулов билдирди.
Анын айтымында, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору, аларды толук көзөмөлдөө дегенди түшүндүрбөйт.