• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бакуда оппозициячыл басылманын башкы редактору жана адвокат камалды

12 Аяк оона 2022 16:17 Бишкек Govori.TV

Баку шаардык соту Азербайжандагы оппозициялык «Хурал» басылмасынын башкы редактору Авяз Зейналлы менен белгилүү укук коргоочу Элчин Садыговду паракорлук айыбы менен камакка алуу чечимин чыгарды.

Азербайжандык укук коргоочулар Зейналлы менен Садыговдун камалышын саясий куугунтук деп аташты.

Буга чейин Азербайжандын бийликчил ЖМКлары Зейналлыны азери бизнесменинен ири өлчөмдө пара алган деп айыпташкан. Ишкердин адвокаты болгон укук коргоочу Садыгов пара алууда ортомчулукка күнөөлөнүүдө. Журналист уурулук тууралуу материалды жарыялабоо үчүн ишкерден акча сураганы айтылган. Зейналлы менен Садыгов айыптоолорду четке кагууда. Алардын жактоочулары төрт айга камоону токтом кылган Баку сотунун чечимине даттанууга ниеттенүүдө.

Baku Steel Company металлургиялык компаниясынын башчысы, бизнесмен Расим Мамедов 2021-жылы 55 миллион манат (32 миллион доллар) акча уурдоо айыбы менен кармалган. Мамедов айыптоолорду четке каккан.

Количество просмотров: 58