Өкмөт башчы Сапар Исаков менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдер бүгүн ЖКдагы оппозициялык коалициянын отурумунда кайым айтышты. Анда депутат “Сиз, жакында болгон Тогуз-Тородогу окуяга саясатчылардын катыштыгы бар дедиңиз. Бажы боюнча да айрым саясатчылардын катыштыгынан улам өсүш болбой калды деп жатасыз. Эгер сизде маалымат болсо алар кимдер, ачык айтыңыз!”,-деп айткан. Буга болсо өкмөт башчы “Мен өзүм билем, эмнени айтам, укугум бар”,-деп чычалап кетти. Кайым айтыш андан ары уланганы менен өкмөт башчы бир да саясатчынын атын атай алган жок.