Бакытбек Дюшембиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Бакытбек Дюшембиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
23 Теке 201819:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.07.2018.Govori.TV
Бакытбек Дюшембиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
«Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде кол койгон буйрукка ылайык Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Дюшембиев Бакытбек Осмонович мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды»,- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт. Бул туурасында бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отурумунда белгилүү болду.
Белгилей кетсек, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый АбылгазиевИбраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.
Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголуп ал 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.