• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бакыт Төрөбаев Жалал-Абадка жумуш сапары менен барды

15 Чын куран 2023 10:31 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Ноокен жана Аксы райондорундагы ирригация тармагындагы жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда Ноокен районундагы “Шайдан ветка” каналын, Аксы районундагы ХХII-Партсъезд каналын, Кербен шаарындагы Барпы каналын реабилитациялоо иштери жүрүүдө.

“Шайдан ветка” каналынын 448 метр аралыгын бетондоо жумуштары жүрүп жатат. Бул объекте жумуш аяктагандан кийин мындагы 50%ды түзгөн суунун жоготуусун кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ал эми ХХII-Партсъезд каналынын толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, суунун жоготуусун алдын алуу үчүн бир чакырым аралыкты бетондоого 15 млн сом керектелет. Мындан тышкары, жалпы сметалык баасы 15 млн сомду түзгөн, узундугу 4830 метр Барпы каналын реабилитациялоо үчүн керектүү каражат табууда маселе бар.

Бакыт Төрөбаев жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине ирригациялык объектилерди реабилитациялоодогу сметалык баасын кайрадан карап чыгуу тапшырмасын берди. Ошондой эле аларды облустук жана райондук өнүктүрүү фонддордон каржылоо сунушталып, кошумча каражат республикалык бюджеттен берилери айтылды.

Количество просмотров: 249