• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бала бакча күзөтчүсү балдардын үстүнө ысык суюктук куюп, өрттөп жиберген

8 Бугу 201917:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.

Globo басылмасынын маалыматына ылайык, бала бакча күзөтчүсү 4 жаштагы балдардын үстүнө ысык суюктук куюп, өрттөп жиберген. Окуя Бразилиянын Минас-Жерайс штатындагы бала бакчалардын биринде бейшенби күнү катталган.

Белгилүү болгондой, Дамиан Соарес дус Сантос аттуу 50 жаштагы күзөтчү өзүнүн жана 4 жаштагы бир нече баланын үстүнө ысык суюктук куюп,натыйжада 4 жаштагы жети бала бирдей көз жумган. Ал эми токтотууга аракет жасаган 43 жаштагы тарбиячынын денеси катуу күйүп, кылмышкер экөө ооруканада көз жумган.

Аталган бала бакчада 43 адам жабыркап, алардын басымдуу бөлүгү кичинекей балдар болгон. Күзөтчүнүн мындай кадамдарга баруусуна эмне түрткү болгону белгисиз болуп, тергөө иштери уланууда.

Бразилия бийлиги өлкөдө алдыдагы 7 күндү аза күтүү күнү деп жарыя кылды.


Количество просмотров: 19