• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бала бакчаларда жолдо жүрүүнүн эрежелери үйрөтүлө баштайт

1 Бирдин айы 201913:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.02.2019. Govori.TV

Эми Кыргызстанда бала бакчаларда жолдо жүрүүнүн эрежелери окутула баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Анда жеткинчектер үчүн атайын китеп даярдалганы, 2 окуу куралынын негизинде билим берилери айтылган. Бала бакчаларда практикалык негизде окутулуп, макеттерди колдонуу менен үйрөтүлө турган болду.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылы балдардын катышуусунда 1418 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 87 бала көз жумган.

Количество просмотров: 130