• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бала бакчаларда иштеген 3 кызматкерден COVID-19 вирусу табылды

7 Кулжа 202011:49 Бишкек Govori.TV

Бала бакчаларда иштеген 3 кызматкерден COVID-19 вирусу табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев билдирди.

«Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу менен бирге, жумушка тартылган кызматкерлердин арасында массалык түрдө скрининг жүргүзүү чечими кабыл алынган. Анын жыйынтыгында, 3 кызматкерде COVID-19 вирусу тастыкталган. Учурда бул иш уланып, дагы жумушка чыга турган 2500 адис изилдөөдөн өтөт. Алардын анализдери терс чыккан тапта гана иштөөгө уруксат берилет”, — Н.Усенбаев.

Бишкекте бала бакчалардын кызматкерлери массалык түрдө COVID-19 вирусуна текшерилип жатат. Мындай текшерүүлөр бала бакчалардын менчик түрүнө карабай жүргүзүлөт. Мындан тышкары ар бир бала бакчанын жетекчилиги кызматкерлердин тизмесин акимиаттарга жиберүүгө тийиш. Ага ылайык, көчмө топтор график боюнча кызматкерлердин жумуш орундарынан анализ алышат.

Ата-энелер үйдөн балдарга өздүк гигиенаны, социалдык аралыкты сактоону үйрөтүп, балдарды беткап менен камсыздоого жана аны туура тагынууну үйрөтүүгө тийиш.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда Бишкек шаарынын эпидемияга жана эпизотикага каршы комиссиясы төмөнкү долбоорлорду даярдады:

— Бала бакчалардын убактылуу ишмердүүлүгүнүн регламенти;

— Балдардын ата-энелери толтуруучу анкета;

— Бакчага барганда баласынын ден соолугун камсыз кылуу боюнча ата-эненин милдеттенмеси.

Булар мамлекеттик органдар менен макулдашылат жана Бишкек шаарындагы бардык бала бакчалар тарабынан аткарылууга тийиш.

Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча, 13 мекеме алдындагы жана 218 жеке менчик бала бакча бар.

Мэрия жүргүзгөн мониторингге ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6000ге жакын бала барат жана 1600 кызматкер иштейт.

Количество просмотров: 506