• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бала бакчанын ачылышы: Суукта көйнөкчөн турган кыздардын сүрөтү талкуу жаратты

26 Бирдин айы 2021 14:49 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бала бакча ачылды. Мэриядан билдиришкендей, кеп, Тыныстанов көчөсүндө өрттөнүп кеткен салык инспекциясынын имаратынын ордунда ачылган мектепке чейинки даярдоо мекемеси тууралуу болуп жатат.

Имараттын ачылышына вице-мэрлер Айжан Чыныбаева, Жамалбек Ырсалиев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, Биринчи май районунун акими Нусувалиевдер катышкан.

Ачылыш аземинде сырттагы суукка карабай, жука көйнөк кийип, аткаминерлерди тоскон кыздардын сүрөтү талкуу жаратты.

Буга байланыштуу мэрдин мурдагы кеңешчиси Гуля Алманбетова дагы социалдык баракчасына билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, бакчанын аянты 1 миң 200 чарчы метрди түзөт. Анда балдар 4 тайпада тарбияланат. Курулуш иштерине 35 миллион сом сарпталды.

Количество просмотров: 486