• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан боюнча 1186 бала бакчада видеокамера орнотулду

13 Бештин айы 20249:12 Бишкек Govori.TV

Республика боюнча 1871 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчанын ичинен 1186 бала бакчада (63,4%) видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Анын ичинен Баткен облусунда 81 бала бакчада, Ош облусунда – 369, Ош шаарында – 51, Жалал-Абад облусунда – 230, Чүй облусунда – 79, Бишкек шаарында – 115, Ысык-Көл облусунда – 87, Нарын облусунда – 121, Талас облусунда – 53 бала бакчада видеокамералар коюлду.

Калган 685 бала бакчада да видеокамераларды тез арада орнотуу талап кылынууда.

Ушундан улам Билим берүү жана илим министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кайрылып, бала бакчаларда коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында видеокамераларды орнотууну сунуштады.

Количество просмотров: 194