• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

366 млн. сомдук бала бакча мамлекетке өттү

21 Жетинин айы 202412:01 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Жумушчулар шаарчасындагы 366 млн сомго бааланган бала бакча мамлекетке кайтарылды. УКМКдан билдиришкендей, 0,29 га аянтты ээлеген бала бакчанын имараты мамлекеттик ишкананын балансынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткен.

Бул бала бакча мурда «Кыргыз Темир» АКтын балансында болуп, 1990-жылы менчиктештирилгенден кийин мамлекеттик ишкананын балансынан башка объектилер менен бирге «Мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын” шарттарын бузуу менен Б.Г.Ш. аттуу жаранга жеке менчикке мыйзамсыз берилген.

Тактап айтканда, КР президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 “Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы № 421 «Кыргыз Республикасынын социалдык инфраструктурасынын объектилерин пайдалануу программасын бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптары сакталган эмес. Ага ылайык мектепке чейинки балдар мекемелерин массалык түрдө жабууга жана сатууга жол бербөө максатында социалдык инфраструктуранын объекттери уставдык капиталдагы мамлекеттин үлүшүнүн өлчөмүнө карабастан мамлекеттик жана менчиктештирилген ишканалар менен мекемелер тарабынан ажыратылууга тийиш эмес.

Жогорудагыдай жагдайды түшүнгөн бала бакчанын имаратынын ээси бул мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, болжолдуу наркы 366 млн 185 миң сом болгон жанаша аймагы бар жогоруда белгиленген имаратты өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып берди.

Количество просмотров: 100