• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бала бакчанын жетекчиси милиция кызматкерине пара берип кармалды

30 Жетинин айы 2023 17:52 Бишкек Govori.TV

Аламүдүндө мамлекеттик бала бакчанын жетекчиси милиция кызматкерине пара берип кармалды. Бул туралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, ИИМдин Тергөө кызматы кызмат адамына пара берүү фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат.

ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Финансы министрлигинин аудит кызматынын кызматкери менен биргеликте билим берүү тутумундагы коррупциялык схемаларды, анын ичинде мектепке чейинки балдар мекемелериндеги ата-энелердин төлөмдөрүнүн жогорулатылган фактыларын аныктоо максатында текшерүүнү жүргүзүшүүдө.

Анын жүрүшүндө Аламүдүн районунун Ленин айылдык округунун аймагында жайгашкан “Достук”, “Бөбөкжай” бала бакчаларында мыйзам бузуулар аныкталган.

Текшерүү учурунда “Достук” бала бакчасынын жетекчиси А.О. маселени оң жагынан чечүү жана текшерүүнү токтотуу үчүн ИИМдин кызматкерине ири суммадагы акча каражатын сунуш кыла баштаган. Күн мурун ал ИИМдин КИББдин имаратында 4-башкармалыктын ыкчам кызматкерине 120 миң сом өлчөмүндө пара берүү учурунда кармалган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергелип жатат. Кызмат адамына пара берүүгө шектүү жаран кармалды.

Количество просмотров: 736