• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Балага сүйүнчүнү» тариздөө тездетилген режимде жүргүзүлөт

12 Жетинин айы 2018 16:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.11.2018. Govori.TV
Өкмөт социалдык коргоо тутумун санариптештирүү үстүндө иш алып барат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында айтты.
Анын билдиришинче, көп балалуу үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга, өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата социалдык тейлөө тармагы кеңейтилет. Социалдык төлөмдөр механизмин оптималдаштыруу жана жарандардын айрым категорияларына даректүү көмөк көрсөтүүнү оптималдаштыруу боюнча иштер улантылат.
«Алсак, «балага сүйүнчү» жөлөк пулуна тийиштүү билдирсек, аны бирдиктүү терезе принциби боюнча тариздөө пландаштырылууда, мында мамкаттоо органдары тараптан калктан арыз алынып, баланын туулгандыгы туралуу күбөлүгү кошо жасалат, башкача айтканда, «балага сүйүнчүнү» тариздөө жана акча каражаттарын которуу тездетилген режимде жүргүзүлөт», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Количество просмотров: 13