• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

19 Аяк оона 202313:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын перинаталдык борборунда 15-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь районунун 34 жаштагы тургуну кесарево жолу менен кош бойлуулуктун 36-жумасында үч эм уул төрөдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бул анын 5-төрөтү, наристелер 3кг 300г, 3кг 660г, 3кг 445г салмакта төрөлгөн.

«Жаңы төрөлгөн ымыркайлар балдардын реанимация бөлүмүндө жаткырылып, керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы турукташкандан кийин ара төрөлгөн балдарга кам көрүүнүн 2-баскычы бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө эне жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарууга даярданып жатабыз», — деди Шаардык перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамиля Марипова.

Количество просмотров: 152