• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Баласын депкир менен сабаган аялга жаңы берене менен кылмыш иши козголду

28 Жалган куран 2018 14:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.03. 2018. Govori.TV
 2 жаш 8 айлык уулун депкир менен сабаган энеге карата козголгон кылмыш иши өзгөртүлүп, ал башка берене боюнча айыпталууда. Бул туурасында Ош ИИБнин басма сөз борборунан  Замир Сыдыков Govori.TV сайтына билдирди.
«Эксперттердин чыгарган бүтүмүнө ылайык Ош шаарынын жашоочусуна карата Кылмыш жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүгү боюнча (адам өлүмүнө алып келген залака тийгизүү) кылмыш иши козголду. Айыпталуучу келин 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн. Бул тийиштүү токтом чыкканы менен аял тааныша элек. Бүгүн аялды  Жалал-Абад облусундагы убактылуу кармоочу жайдан алып келинип айыбы угузулат», -деди басма сөз борборунан.
Эске сала кетсек, Ош шаарында 24 жаштагы өз энеси депкир менен сабаган 2 жаш 8 айлык баласы эс-учун жоготуп, облустук балдар ооруканасынын жандандырууу бөлүмүнө келип түшкөн. Бул фактынын негизинде шектүү катары баланын энеси шаардык милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 11-февраль күнү саат 18:30дар чамасында бала жандандыруу бөлүмүнөн өзүнө келбей каза болгон. Анын сөөгүн туугандары алуудан баш тарткандыктан соцкызматкерлер жерге берген.
Количество просмотров: 17