• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Олимпиаданын отун дзюдочу Тедди Ринер менен жеңил атлет Мари-Жозе Перек жандырды

27 Теке 202412:12 Бишкек Govori.TV

XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин дзюдочу Эрлан Шеров менен суучул Елизавета Печерских көтөрүп чыкты.

Өлкөнүн курама командасы Сена дарыясында кайык менен параддан өттү.

Олимпиаданын тарыхында биринчи жолу ачылыш аземи стадиондо эмес, шаардын чок ортосунда өттү.

Аустерлиц көпүрөсүнөн Йена көпүрөсүнө 200 өлкөнүн командалары өткөн парадга 300 миңден ашуун көрүүчү күбө болду.

Төрт саатка созулган шоу француз элинин тарыхын, көп кылымдык каада-салттарынын жана маданиятынын маанилүү мезгилдерин даңазалады. Шоу программанын жүрүшүндө атактуу сүрөтчүлөр, композиторлор, модольерлер, жазуучулар, кинематографистер эскерилди.

Андан соң салтанат Эйфел мунарасынын алдында уланды. Олимпиаданын отун дзюдочу Тедди Ринер менен жеңил атлет Мари-Жозе Перек жандырды.

Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медал ойнотулат. Ушуну менен Париж үчүнчү ирет Олимпиада өткөргөнү жатат. Бул шаарда олимп оюндары 1900-жылы жана 1924-жылы болгон.

Количество просмотров: 229