• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Теракт уюштурууга даярданган эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

27 Теке 202411:57 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн биринде жашыруун теракт уюштурууга даярданган деп шектелген Н.Р. аттуу кыргыз жараны, эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Кармалган жарандын «Telegram» мессенжериндеги жашыруун аккаунттар аркылуу жасаган бардык аракеттери террористтик уюмдардын биринин эмиссарлары тарабынан координацияланганы аныкталды. Бул кылмышты ишке ашырууга аракет кылганга чейин Н.Р. эл аралык террордук уюмдун жетекчисине ант берген.

Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте террористтик топтун башка катышуучуларына карата тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 170