Баласын ичке тепкен жаран кенемте төлөөнү талап кылууда
Баласын ичке тепкен жаран кенемте төлөөнү талап кылууда
28 Аяк оона 2018 9:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.09.2018. Govori.TV
Өзүнүн уулун ичке тепкен Бариер Адиев Мамлекеттик каттоо кызматынан 1 миллион 356 миң 500 сом талап кылып жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Адиев Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, Мамкаттоо кызматынан өзүнө компенсация төөлөсүн суранган. Ошондой эле ал аны мурдагы ордуна кайтарууну жана териштирүү иштери жүрүп жатканда, Мамкаттоонун бюджеттик эсебин камакка алууну талап кылган.
Белгилей кетсек, 7-июль күнү райондук сот анын өтүнүчүн четке каккандыктан, Адиев Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Сот отуруму 27-сентяюрда өтүп, ал кайра 16-октябрга жылдырылды.
Каттоо кызматы билдиргендей, Адиев мыйзам жүзүндө иштен кетирилген. Азыр 302 миң сомду ошондон берки айлыгы катары, 54 миң сомду ар кандай чыгымдары жана 1 миллион сомду моралдык чыгым катары сурап жатат.
Эске салсак, Адиев Каттоо кызматынын Сокулук районундагы кыймылсыз мүлк боюнча департаментинде иштеген.
Өткөн жылдын 2-декабрында социалдык тармакта эркек киши жерде жаткан бөбөктүн өйдө туруусун талап кылып тээп жаткан видео жарыяланган.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» …
Садыков: Компенсация төлөнбөй калган медициналык кызматкерлерден 106 арыз түшкөн
Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында 2020-2022-жылдарга медициналык кызматкерлерге компенсацияларды төлөө жөнүндөгү жана …