• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Балбак Түлөбаев Бишкектеги окуучулар качан мектепке кайтаарын айтты

30 Бештин айы 202014:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 1-февралга чейин бардык мектептер менен бала бакчалар ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, окууну жандантуу эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот.

«Учурда вице-мэр Айжан Чыныбаева бул боюнча иш алып барып жатат. 15-январдан кийин жогорку класстын окуучулар кадимкидей эле мектепке барып окуй башташы мүмкүн. Чет мамлекеттерде вирустун мутацияланганы айтылып жатат. Балдардын ден соолугу жана санитардык коопсуздуктан чочулап жатабыз. Эпидкырдаал жакшырса борбордогу мектептер ачылат»,-деди Бишкек шаарынын мэри.

Эске салсак, мектептер коронавирус коркунучунан улам быйыл мартта карантинге жабылып, жаңы окуу жылы да аралыктан башталган болчу.

Количество просмотров: 16080