• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Балбак Түлөбаев: Керек болсо педофилдерди асыш керек

18 Бугу 202216:50 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеште “Мунапыс берүү” жөнүндө мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору каралып жатат.

Анда депутат Түлөбаев жашы жетелек балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөндөргө жаза чараларында жеңилдетүү болбошу керектигин билдирди.

“Аларга тосмо арыз, ооруканага жатып алуу, жеңилдетүү болбош керек. Керек болсо педофилдерди асыш керек, коомдон жулуп, жоготуш керек. Ар бирибизде бала бар. Биз коомдогу кылмышкерлерди коомчулуктан алыс кармашыбыз зарыл. Эң жогорку жазаны беришибиз керек”, — деди депутат.

Количество просмотров: 480