• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат: «Айдоочулар экзамен бергенге каршы экенин айтышууда»

9 Чын куран 202511:55 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Балбак Түлөбаев бүгүн ЖК жыйынында ага айдоочулар кайрылып жатышканын айтып, 1-сентябрдан тарта Жол милициясы жүргүзө турчу сынакка нааразы болуп жатышканын билдирди.

“Мен бул сөздөрдү 20 жаштагы айдоочудан тартып жеимиштеги карядан да уктум. Садыр Нургожоевичтен жарылыгын артка кайтарып алуусун суранып жатышат. Муну менен «Жол милициясына коррупцияга жол ачып бересиңер» дешүүдө. Жок дегенде Бишкек менен Ош шаарларынан пилоттук режимде баштайлычы”, — деди эл өкүлү.

Количество просмотров: 408