• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Министрликтердин башы иштейби?». Балбак Түлөбаев өкмөттү сындады

4 Бештин айы 202411:23 Бишкек Govori.TV

Депутат Балбак Түлөбаев Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча министрлер кабинетин сынга алды.

Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы жыйынында ал министрлер кабинети акыркы убакта өзүн абдан кызыктай алып жүрүп, туура эмес кадамдарды жасап жатканын айтты.

«Жаңы салыктар киргизилбейт, ошол боюнча эле калат дешти эле, бирок ага карабай салыктын көлөмүн көбөйтө башташты. Бул министрлер кабинети элдикпи? Биз парламентпиз, эл өкүлдөрүбүз. Ушунчалык жакшы кетип бара жатып, аягында баары бузулду. Бир мисал, курулуш бизнеси үчүн НДСти 12% алып келе жатасыңар. Кыргызстандын калкына 30 миллион чарчы метр керек! МИК болгону 2 миллион чарчы метр кура алат. Калганын кайдан аласың?!», — деди депутат.

Количество просмотров: 284