• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Балбак Түлөбаев: Мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр дагы да болот

30 Бештин айы 2020 13:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-декабрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Анын айтымында, Бишкек шаардык мэриясында дагы да болсо кадрдык өзгөрүүлөр болот.

«Акыркы учурдагы кадрдык өзгөрүүлөр боюнча төмөндөгүлөрдү айткым келет. Вице-мэр Виктория Мозгачеваны иштен мен алган жокмун. Ал өзүнүн калоосу менен арыз жазып кетти. Ал эми Октябрь районунун аким Куценкону текшербей кызматка алганым кемчилик болду. Ошол эле учурда «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат» жөнүндөгү мыйзамдарынын 46-беренесине ылайык, жол кире кымбаттайт деген «Бишкек троллейбус башкармалыгы» ишканасынын жетекчиси Артур Өмүрзаков менен Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов кызматынан бошотулду. Жакынкы күндөрү дагы кадрдык өзгөрүүлөр болот», — деди Түлөбаев.

Количество просмотров: 390