• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Балбак Түлөбаев: Жол кире 15 сом болот

19 Үчтүн айы 2021 16:33 Бишкек Govori.TV

Мэрия менен айдоочулар жол кирени 15 сомго көтөрүүгө макулдашышты. Бул тууралуу бүгүн,19-январда мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, жол кире акысын көтөрүү маселеси 3 ай аралыкта каралып, май айында чечилиши мүмкүн.

«Биз бүгүн кичи автобустун айдоочулары менен жолуктук. Анын алкагында алар өз көйгөйлөрүн айтышты.Тарифтердин көтөрүлүшүн, инфляцияны, мотору, тетиктери канчага кымбаттаганын айтып беришти. Эл бизди жаман көрбөсүн деп жатышат. Эртең Экономика министрлигине бул маселе боюнча кат жөнөтөбүз. Аталган министрлик ич ара комиссия түзүп, анализ жүргүзөт. Мэрия бул сунушту шаардык кеңештин кароосуна киргизебиз. Жол кире акысын көтөрүү сунушу коомдук талкууга коюлат. Андан кийин жалпы сессияда маселе чечилет», — деди Түлөбаев.

Эске салсак, кечээ, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылып, айрымдары иш таштаган.

Количество просмотров: 596