• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Балбак Түлөбаев жумушка чыкпай жаткан айдоочуларга кайрылуу жасады (видео)

18 Үчтүн айы 2021 9:50 Бишкек Govori.TV

Бишкекте коомдук транспорттун айрым айдоочулары линияга чыкпай жатат деген маалымат келип түштү. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирип, таң эрте айдоочуларга кайрылуу жасады.

«Айдоочулар, силердин көйгөйүңөрдү жакшы билебиз, жети жылдан бери тарифти көтөргөн эмеспиз. Ошондуктан силер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Кээ бир маршруттун айдоочулары линияга чыкпай жатат деген маалыматтар келип жатат. Силердин абалыңарды түшүнгөндөй силер дагы элдин абалын түшүнгүлө. Өлкөдө пандемия, элдик толкундоо болду. Силер айткандандай азыр эле көтөрүп бере албайбыз. Анын өзүнүн эрежеси бар. Биз бул маселени Экономика министрлигине киргизип, анан алар карап чыгып шаардык кеңешке жөнөтөт. Эгер жумушка чыкпасаңар мен башка маршруттук таксилерди чыгарганга мажбур болом. Себеби мен элди ташышым керек. Эртең дагы башка сөздөр чыкпасын. Азыр түшкө чейин анализ кылабыз, чыкпаган маршруттук тасилердин ордуна башкалар иштеп баштайт. Ошол үчүн урушпайлы, баарыңыздар жумушка чыгыңыздар», — деди Түлөбеав.

Буга чейин бүгүн Бишкек шаарында айрым коомдук транспорттордун айдоочулары жумушка чыкпай жатканын шаар тургундары айтып чыгышкан болчу.

Количество просмотров: 1160