• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө 1-орунга чыкты

25 Бештин айы 202412:20 Бишкек Govori.TV

World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө 24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектин борборундагы көрсөткүч (AQI) саат 19.00гө карата 458ди көрсөтүп, калаанын башка бөлүктөрүндө индекс өтө кооптуу чектен — 600-760тан ашып кетти.

Аба таза болушу үчүн бул көрсөткүч 50дөн ылдый болушу керек.

Сайттагы маалыматта Бишкектеги абалга «адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу» деген баа берилген.

Кыргызстандын борбору муну менен дүйнөдөгү абасы эң кир делген Гананын Аккра, Индиянын Дели, Пакистандын Лахор шаарларын артта калтырды.

23-декабрда Бишкек аба өтө булганган шаарлардын ичинен үчүнчү орунду ээлеген.

Количество просмотров: 193