• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Балдар санат мектептери ишин офлайн тартипте жандантты

3 Аяк оона 202020:06 Бишкек Govori.TV

Борбор калаадагы балдар санат мектептери пандемия шартында санитардык эрежелерди так сактоо менен офлайн режимде иштеп баштады.

Бишкекте 9 балдар санат мектеби жана бир балдар көркөм мектеби иштейт. Окуучулар жеке сабактарды гана алышат, сабактарда эң көбү эки-үч окуучу гана болот.

Бардык имараттар COVID-19га каршы коргоо каражаттары менен камсыздалган, дезинфекцияланып, туруктуу түрдө желдетилип турат.

Количество просмотров: 91