АКШнын Глобалдык медиа агенттиги (USAGM) «Азаттык» радиосуна грантын убактылуу узартты, деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.
Вашингтондогу Федералдык округдук сотту 26-мартта “Азаттык” радиосу даттанган арызын негизинде каржылоону кайра баштоо чечимин кабыл алган.
Документте грантты токтотуу боюнча мурдагы чечим жокко чыгарылып, гранттык келишим кайра күчүнө киргени айтылат. Бирок, USAGM келечекте грантты жокко чыгаруу укугун өзүнө калтырат, деп айтылат катта.
Эске сала кетсек, “Азаттык” радиосу АКШ Конгресси USAGM аркылуу бөлүнгөн каражаттын эсебинен каржыланат. 14-мартта президент Дональд Трамп жети федералдык агенттикти, анын ичинде USAGMди жоюу боюнча буйрукка кол койгон. Ошондон кийин “Азаттыкка” федералдык грант токтотулуп жатканы тууралуу кабар келген.