Ошто «Боорукердик» карылар үйү менен бириктирилген «Лотос» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн тарбиялануучулары зомбулукка кабылганын айтып чыгышты. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгуль Турдубекова кабарлады.
Анын айтымында жаш балдар жана кыздар ал жактагы жашоочулар жана кызматкерлер тарабынан ур-токмокко, зомбулукка, ыдыкка кабылышканын айтып беришкен.
«Мага “Боорукердик” карылар мектеп-интернатынын аймагындагы балдарга карата зордук-зомбулук болуп жаткандыгы тууралуу сигнал түштү. Балдар «Лотос» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн тарбиялануучулары. Алар 2024-жылы Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыровдун билдирүүсү менен «Лотос» үй-бүлөлүк балдар үйүнөн карылар үйүнө көчүрүлгөн. Мен ага балдарды чоңдордун мекемесине көчүрбөөнү сунуш кылгам, бирок ал мени укпады. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына, Эмгек жана социалдык коргоо министрине мониторинг жүргүзүп, жетим балдарды камкордукка алууну суранам», — деп жазды ал.
Турдубекова ошондой эле президент Садыр Жапаров, МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Эмгек, социалдык коргоо, миграция министрине жана Акыйкатчыга кайрылган.