• Шаршемби 17 Кулжа 2026
  • Среда 17 Июнь 2026

Балдарды чанага отургузуп, сүйрөгөн айдоочу айыпка жыгылды

5 Үчтүн айы 202318:16 Бишкек Govori.TV

Бишкекте балдарды чанага отургузуп, кичи автобуска байлап койгон айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кичи автобустун айдоочусуна карата авто ээнбаштык кылгандыгы үчүн 7 миң 500 сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, балдарды чанага отуругузуп унаага байлап алып, эч кандай коопсуздук чараларын сактабастан унааны айдап кетип бараткан видео тараган.

Теги:
Количество просмотров: 677