• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Балдарыбыз сабак окуйбуз дегенде үйдө уруш-тытыш болуп жатат. Депутат онлайн окутуу режими качан бүтөрүн сурады

2 Бирдин айы 202117:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-февралда парламенттин комитет жыйынында депутат Асел Кодуранова онлайн окутуу режими качан бүтөрүн сурады.

«Онлайн окутуу качан бүтөт? Ата-энелер сурап жатышат. Бизге кыйын эле болуп жатат. Балдарыбыз сабак окуйбуз дегенде үйдө уруш-тытыш болуп жатат. Сабак жасагандан балам эмес мен качып калдым», — деди депутат.

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев абал туруктуу болсо 2 жуманын ичинде толук кадимки окутууга өтөт деп күтүп жатышканын айтты.

Количество просмотров: 55