• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Балдарым чоң атасын сагынышат». Сеид Атамбаев Ташиевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды

20 Бештин айы 2021 8:58 Бишкек Govori.TV

Абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө жооп иретинде социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Анда ал Алмазбек Атамбаевдин неберелеринин сүрөтүн жарыялаган.

«Таасирдүү сүрөт! Камчыбек Кыдыршаевич кандай гана камкордук, мээрим  менен небересин алып отурат. Ар бирибиз атабыз, чоң атабыз. Менин балдарым да бүгүнкү күндө сүйүктүү чоң атасы жок чоңоюп  жатышат. Мындан кийин да чоң атасынын  камкордугусуз жана мээримисиз чоңоё беришет. Чын айтам сагынышат…», — деп жазды Сеид Атамбаев.

Кечээ, 18-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына небереси менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, билдирүү калтырган.

«Ата-энемдин үйүнө келдим. Баары башкача. Мени неберем Альмир тосуп алды», — деп жазган ал.

Количество просмотров: 619