Энесинин аты менен берилген документтерди жокко чыгарууга байланыштуу соттук териштирүү 25-февралда Свердлов райондук сотунда белгиленген.
Бирок судьянын жүйөлүү себептери болгонуна байланыштуу отурум 4-мартка белгиленди.
Жарандык активист Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын берген.
Мамлекеттик каттоо кызматы Алтын Капалованын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин, ал жоопкерчиликке тартыларын билдирген.
Мекеме документтерди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылды.