Социалдык түйүндөргө тарган апасы балдарын уруп жаткан видео боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, балдардын апасы Ош облусунун Өзгөн районунун 1989-жылы туулган К.А. аттуу тургуну болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча ал үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрь күнү Орусияга чыгып кеткен.
«Бүгүнкү күндө социалдык кызматкерлер менен ички иштер кызматы балдардын чоң ата жана чоң энелери менен иш алып барып жатышат. Иштин жүрушү менен кошумча маалымат беребиз»,-деп жазылат маалыматта.