Манас шаарынын мэри Эрнистбек Ормоков УКМК Камчыбек Ташиев “аны урганын” ырастап, муну туура кабыл алганын “Кабар” агенттигине маек куруп жатып айтты.
Мэр бул окуя Министрлер кабинетинин Манас шаарына бөлгөн 2 миллиард сомду өздөштүрүүгө байланыштуу болгонун түшүндүрдү.
«Ошол кездеги минкаб төрагасы Акылбек Жапаровго көп долбоорлорду көрсөтүп, алар бекитилип, акча шаардык бюджетке түшкөн. Бирок шаардык кеңеш “бир жылда мындай акчаны өздөштүрө албайсыңар” деп каршы чыгып, “эмне үчүн биз менен макулдашкан жоксуңар” деп нааразы болушту. Депутаттар тротуар, мектеп оңдотуу сыяктуу сунуштарды айтмак. Биз болсо каражатты өндүрүшкө, курулушка, жол оңдоого, техникага жумшадык. Төрагабыз «Регион» телеканалына, аткара албайт, болбогон дорбоор деп коет да. Аны Камчыбек Кыдыршаевич сөзсүз көрөт да. Мени чакырып, эмне болгонун сурады, ушундай болтат десем. Ал бизди улуу, жетекчи катары тилдеп, урушуп турат. Экөөбүздү тең урду. Ал киши туура эмес иш кылсаң урат, тилдейт дегендей. Биз ага ыраазыбыз», — деди мэр.