• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Балыкчыда эми жөө адам өтмөгү жанып турат

27 Жалган куран 2018 10:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.03.2018.Govori.TV

Балыкчы шаарынын көчөлөрүндөгү жөө адамдар өтө турчу өтмөктөрдүн үстүнө чырактар коюла баштады. Бул өтмөктөр караңгыда жарык болуп, жөө адамдын өтүп баратканын даана көрүүгө болот.

«Жолдо өтүүнүн коопсуздугу жана » Жарык шаар» программасынын алкагында Балыкчы шаарынын Тоголок Молдо — Абдрахманов, Калдыбаев- Ж.Аманбаев жана Ж. Бөкөнбаев орто мектебинин маңдайында жайгашкан жөө адам өтүүчү өтмөктү белгилеп турчу чырактар коюлду. Ар бир жерге бештен чырак, үч жерге орнотулуп, бардыгы болуп он беш чырак түнкүсүн жарыктандырылат. Бул да болсо, жол коопсуздугун алдын алуу иш-чараларынын бири»,-деп билдирди Балыкчы мэриясынын маалымат кызматы.

Количество просмотров: 14