• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Балыкчыда катуу шамал окуу борборунун чатырын учуруп кетти

24 Теке 2018 12:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.07.2018.Govori.TV.
Ысык-Көл облусунда имараттын чатырын шамал учурган, бактыга жараша жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 2018-жылдын 23-июль күнү саат 19:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 14-16 метрге жеткен шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан “AVEP” окуу борборунун болжол менен 200 чарчы метр жыгач устундуу тунике менен жабылган чатырын учуруп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
ӨКМнин Балыкчы шаардык №19 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Чыгыш Электродон 5 кызматкерлер тартылган. Тартылган күчтүн жардамында учкан жыгач устундуу тунике коопсуз жайга жылдырылган.

 

Количество просмотров: 22