• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Балык, Тойбосс эми сүт. Орусиянын талабыбы же таарынычыбы?

26 Чын куран 2023 17:05 Бишкек Govori.TV

Орусия өлкөсү кыргызстандан сүт азыктарын ташууга тыюу салды. Ага себеп катары өлкөдө өндүрүлгөн сүттүн талапка ылайык болбой жаткандыгын жүйөө келтирген.
Депутат Балбак Түлөбаев сүттү экспорттоодо мерчемделген нормадан ашык берип баштаганы, Орусиянын ишенимин жоготууда.

Анткен менен эксперттер Орусиянын мындай кадамы биринчи ирээт болуп жатпаганын айтышат. Буга чейин Россельхознадзор Кыргызстандан ташылган балыктардан зыяндуу заттар табылганын билдирип, балык алууну дагы токтоткон. Апрель айынын башында болсо кыргызстандык «Тойбосс» компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Адал азыктарды чыгарганын билдирген «Тойбосс» компаниясы дооматты четке каккан. Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөп жатышат.

Ал эми экономика боюнча эксперт Азамат Аттокуров аталган себептер жөн гана шылтоо экенин айтат. Анын билдиришинче Орусия ар кандай аракеттер менен Кыргызстанды өзүнөн көз каранды кылып турууну каалаган ыкманы колдонуп жатат. Эми Кыргызстан өзүнүн эркиндигин далилдеп, маселени чечүүнүн башка жолдорун караштырышы керек.

Количество просмотров: 2752