• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Балык улоо боюнча мелдеш өткөрүлөт

22 Үчтүн айы 20219:18 Бишкек Govori.TV

Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычында 23-январда балык улоо боюнча мелдеш өткөрүлөт. Ага ондон ашык команда катышып, муз үстүндө балык кармап жарышышат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги маалымдады.

Балыкчылар арасында мелдешти Балык чарба департаменти жана Чүй-Бишкек балыкчылар коомдук бирикмеси уюштуруп жатат. Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов мындай иш-чара сергек жашоону жайылтуу жана мыйзамдуу балык улоону өнүктүрүш үчүн өткөрүлөрүн билдирди.

Балык чарба департаменти дарыялардагы осман жана форел балыктарын кармоого уруксат берет.

Количество просмотров: 71