Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.
2019-жылдын 11-май күнү Чолпон-Ата шаарында С. Джуманазаровдун жаркын элесине арналган “Кыргызстан-Run the Silk Road” VIII-эл аралык марафону өтөт. Марафон өткөрүү учурунда “Балыкчы-Ананьева-Каракол” унаа жолунун 83-чакырымынан 105-чакырымында (Бактуу-Долоноту айылынан баштап Корумду айылына чейин) транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Бардык айыл-чарба, курулуш техникаларына жана жүк ташуучу, оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына унаа каттамы жабык болот.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бардык айдоочуларга “Балыкчы-Ананьева-Каракол” унаа каттамындагы кыймылга алтернативдүү маршруттарды тандоону алдын ала эскертет. Мындан тышкары, жаралган ыңгайсыздык үчүн Ысык-Көл облусунун жашоочуларынан, конокторунан кечирим сурайт жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо көрүлгөн тиешелүү чараларды туура түшүнүү менен кабыл алууларына чакырат. Маалыматты ИИМдин Басма-сөз кызматы таратты.