• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун сел алган тилкелери калыбына келтирилүүдө

13 Баш оона 20248:22 Бишкек Govori.TV

Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Балыкчы –Бөкөнбаев – Каракол автожолунун 25-71-чакырымдарында сел жүргөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ушул эле жолду айланып өтүүчү 32+702-чакырымынан баштап 4 жерден 500 метр ашык жолду сел жууп кеткен.

Мындан тышкары, курулуп жаткан долбоордун 37+500-чакырымынан 37+800-чакырымына чейинки тилкелериндеги жол жээги селдин кесепетинен бузулган.

Учурда подрядчы «Кыргызжолкурулуш» ЖЧК тарабынан жогорудагы аймактарды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 168