• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Балыкчы-Барскоон унаа жолун оңдоо башталды

4 Баш оона 2021 11:48 Бишкек Govori.TV

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолундагы Балыкчы-Барскоон тилкесин реконструкциялоо боюнча долбоор башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор президен Садыр Жапаровдун буйругунун негизинде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын каржылоосу менен ишке ашууда.

«Баштапкы этапта жолдун 25 чакырымын реконструкциялоо пландалууда. Ал эми маршруттун жалпы узундугу 141,6 чакырымды түзөт. Алдыда бөлүүчү тосмо менен 4 тилкелүү жол пландалууда. Асфальттын үстүңкү катмарын куруу үчүн SCHMA (майдаланган таш-мастикалык асфальт-бетон) колдонулат»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Балыкчы-Барскоон унаа жолунда 50 жылдан ашык убакыттан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөй келген. Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу долбоордун башкы подрядчысы ата мекендик компания — Кыргызстандын жол курулуш компанияларынын ассоциациясы болуп саналат.

Количество просмотров: 174